АЛЛИЛХЛОРИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛИЛХЛОРИД, х л о р д у у а л л и л, CH2=CH‒CH2CI ‒ орг. бирикме. Мол. салмагы 76,53, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо t 44,96 °C, тыгыздыгы 938 кг/м3(20 °C). Сууда начар 0,36% (20 °C), көпчүлүк орг. эриткичте жакшы эрийт. А. кош байланыш аркылуу кошуп алуу жана молекуласындагы хлорду башка атомдордун топтору (OH, NH2, CN ж. б.) менен орун алмашуу реакцияларына оӊой кирет. Суу, спирт, кумурска к-талары менен азеотроп аралашмасын пайда кылат. А. пропиленди 500‒550°Cде хлорлоодон алынат: CH2=CH‒CH3+CI2→ CH2=CH‒ ‒CH2CI+HCI. Ал глицерин, дары-дармек, инсектицид жана кээ бир пластмасса синтездөөдө колдонулат.