АК-САЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒  Ички Теӊир-Тоодогу бийик тоо өрөөнү. Орографиялык жактан Батыш Ак-Сай ж-а Чыгыш Ак-Сайга (Мүдүрүм өрөөнү) бөлүнөт. Чыгыш Ак-Сай өрөөнү ж-дө к. Мүдүрүм өрөөнүн. Батыш Ак-Сайды Ат-Башы, Жаӊы-Жер, Какшаал, Көк-Кыя тоолору курчап жатат. Таманынын уз. 81 км, эӊ жазы жери 28км. Өрөөн деӊиз деӊг. 2900‒3800 м, курчаган тоолор 3900‒5000 м бийиктикте. Таманы майда дөбөлүү, ортонку бөлүгү түзөӊ ж-а жапыз тектирлүү. Көк-Кыя, Сары-Белес, Кежиге сыяктуу бийик тоолор бар. Өрөөндө палеоген-неогендин чөкмөлөрү ж-а антропогендин борпоӊ шиленди лер тектери кеӊири тараган. Айрыкча көл, мөӊгү-суу ж-а аллювий чөгүндүлөрү басымдуу. Климаты кескин континенттик; өрөөн ‒ Борб. Азиянын «суук уюлу». Январдын орт. темп-расы ‒29°С (абс. минимум ‒54°С), июлдуку 8°С. Жылдык жаан-чачыны 257 мм. Кышында кар аз түшүп, айрым жылдары жери «кара» чыгат. Өрөөндү курчаган тоолор мөӊгүлүү (жалпы аянты 118,4км2 келген 58 мөӊгү бар). Бардык же 
АК-САЙ ӨРӨӨНү2.png

ринде түбөлүк тоӊ тараган. Негизги суусу ‒ Ак-Сай (Батыш). Майда мореналык ж-а термокарст процесстеринен пайда болгон көлдөр бар. Ак-Сайга субальп жарым чөлү ж-а кургак талаа (3100‒3600 мге чейин), альп шалбаалуу талаасы, айрым жеринде субнивалдык сейрек өсүмдүктүү тилке (3600‒3900 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөн ‒ Кырг-ндагы ири жайлоо ж-а кыштоо. Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа р-нун малы багылат.