АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:06, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич (1. (13). 4. 1883, Рязанский губерниясы, Россия ‒ 8. 7. 1946, Берлин, Германия) ‒ композитор, хор дирижёру, педагог, СССР эл артисти (1937), генерал-майор (1943), искусство таануу илимдеринин доктору (1940). Петербург, Москва консерваторияларында окуган. Советтик Армиянын

Кызыл Туулуу ыр-бий ансамблинин уюштуруучусу (1928) ж-а жетекчиси болгон. Анын В.И. Лебедев-Кумачтын «Ыйык согуш» аттуу ырына жазган музыкасы (1941) Улуу Ата Мекендик согуштун музыкалык эмблемасы болгон.

АЛЕКС АНДРОВ52.png

Ал Советтер Союзунун Гимнине музыка жазган (1943). Көрүнүктүү массалык ырларды жазгандыгы (1942) ж-а концерттик аткаруучулук ишмердиги үчүн (1946) ага эки жолу СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген. Ленин ордени жана медалдар м-н сыйланган.