АЛАЙ ИСКЕНДЕРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙ ИСКЕНДЕРАСЫ (Iskandera alaica) ‒ өсүмдүктөрдүн кайчылаш гүлдүүлөр тукумунун өтө сейрек учуроочу эндем түрү. Көп жылдык. Сабагы көп, түп жагы жалбыраксыз, жыгачка айланган, бийикт. 20(50) см. Өсүмдүктүн бүт органы боз түк менен капталган. Жалбырагы узата жумуртка сымал, сабагынын түп жагына топтолуп өсөт. Гүл жандоочтору сыя түстө. Июнь айында гүлдөйт. Топ гүлү ‒ саадак, жазы, уз. 6 см, эни 5‒8 мм. Алай өрөөнүнүн Кашка-Суу алабындагы Кызыл-Эшменин чополуу капталдарында кездешет. Уругу менен көбөйөт. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.