АЛА КУРТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:55, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛА КУРТ (Vermipsilla) ‒ бүргөлөр уруусундагы мите. Анын эки түрү бар, Кыргызстанда бир түрү кеӊири таралган. Ал пайда кылган ылаӊ А.к. ылаӊы деп аталат. Аны м-н бардык мал, айрыкча кой, жылкы катуу ылаӊдайт. Бир курт суткасына 100 мгдан ашык кан соруп, малда 3 айга чейин жашайт, денесин кычыштырат. Тери канталап, жүн кырчылып түшөт; малдын каны азайып, арыктайт, кээде өлүмгө учурайт. Дарылоо: 10%түү хлорофос эритмеси м-н малдын денесин жууп, териге дуст себилет. Алдын алуу үчүн ал кездешкен жайытты тазалоо, короонун тегерегиндеги кыкты өрттөө, дезинфекциялоо керек.