АЛДАШ МОЛДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛДАШ МОЛДО, А л д а я р Ж э э н и к е уулу (1874, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Ак-Кочкор айылы ‒ 1930, ошол эле жерде) ‒ жазма акын; санжырачы, эл агартуу ишин баштоочулардын бири, «Замана» агымынын өкүлү. 19-кылымдын 90-жылдары Каракол шаарындагы медреседен окуган. Аны бүткөндөн кийин айылында көчмө мектеп уюштуруп, балдарды окутууга киришкен (1904‒06). Октябрь революциясынан кийин 1919-ж. Жети-Өгүздүн Талды-Булак коктусунда мектеп ачкан. 1921‒22-ж. Алматыдагы кызыл мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, мугалим болуп эмгектенген. 1905-ж. «Шайлоо» аттуу поэма жазып, анда бийлик төбөлдөрүнүн адилетсиздигин, карапайым калктын жакырлануусун ашкерелеген. «Баракан жөнүндө баян» (1912) аттуу чыгармасы да эзүүчүлөргө каршы багытталган. А. Молдонун көрүнүктүү чыгармаларынын бири ‒ «Хал заман» (1914). Анда Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин кыргыз жергесинде болуп жаткан тарыхый кырдаалга ой жүгүртөт, коомдун өнүгүүсүнө Россиянын тийгизген таасирин, прогрессивдүү жактарын көрсөтүүгө аракеттенет. Ошону менен катар падыша өкмөтүнүн колониялык саясатынын тескери жактарын, орус чиновниктери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биригип, калкты эзип жаткандыгын да баяндайт. 1916-ж. «Үркүн» аттуу көлөмдүү поэма жазып, анда кыргыз элинин муӊ-зары реалдуу сүрөттөлөт.