АКЫНБЕКОВ Куттубек Усенбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫНБЕКОВ Куттубек Усенбаевич (1950-ж. т., Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Өзгөрүш айылы) ‒ медицина илимд. доктору (1998), проф. (1999). КММИни (1973), жогорку парт. мектепти (1980) бүтүргөн. КММИде ассистент, доцент, клиникалык изилдөө лабор-сынын башчысы болуп иштеген. 1998‒2001-жылдары КММАда кафедра башчы, 2001‒04-жылдары КММАнын Коомдук саламаттык сактоо ин-тун директору, 2004-жылдан кафедра башчысы. Ил. эмгектери гигиена, эмгек физиологиясына, социал. гигиена жана саламаттык сактоону уюштурууга арналган. 100дөн ашык ил. эмг., анын ичинде 1 монография, 4 окуу китеби жарык көргөн. Эмг.: Актуальные вопросы и физиологии горного овцеводства (авторлош). Б., 1996; Практикум по медицинской статистике. Учебно-метод. пособие (авторлош) Б., 1999; Организация медицинской помощи работникам отгонного животноводства на современном этапе. Метод. реком. Б., 1995.