АСИЗБАЕВ Рустам Эмилжанович
Jump to navigation
Jump to search
АСИЗБАЕВ Рустам Эмилжанович (1966-жылы туулган, Жалал-Абад шаары) – экономика илимдеринин доктору (2012). 2002-жылы Ж. Баласагын атындагы КМУну бүтүргөн. Эмгек жолун Панфилов районунда социалдык фонддун начальниги болуп баштаган. КР БЭСте директордун орун басары, М. Рыскулбеков атындагы КЭУда окуу иштери боюнча проректору, КР АГУПта окуу иштери б-ча проректору. Асизбаев 50 илимий эмгек, 2 монографиянын автору.