АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА ‒ радиосигналдарды иштетүү, сактоо менен кайра өзгөртүү жана аларды эсептөө максатында колдонулуучу түзүлүштөр. Серпилгич толкундардын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына салыштырмалуу кичине болгондуктан ультраүн менен гиперүн толкундары начар жутулат. А. э. түзүлүштөрү сигналды убакыт ичинде жыштыгы жана фазасы б-ча амплитудасын, татаал сигналды ж. б. өзгөртүп түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай операциялар радиолокацияда, алыскы байланыш техникасында, автоматтык башкаруу системасында, эсептөө машинасында аткарылуусу зарыл. А. э-лык ыкмалар кээде өзгөртүп түзүүлөрдү эӊ жөнөкөй аткарууга мүмкүндүк берсе, кээде мындан башка ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. А. э. түзүлүштөрүндө жогорку жыштыктагы ультраүн жана гиперүн (10 МГцтен 1,5 ГГцке чейинки), көлөмдүк жана беттик акустикалык толкундар пайдаланылат.