АКЫЛ ТАРБИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫЛ ТАРБИЯСЫтарбиянын негизги бир бөлүгү. Ал аӊ-сезимин, акыл-эсин, дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн калыптандырып, билимин, сүйлөө маданиятын өстүрүү маселелерин ичине камтыйт. Акыл тарбиясы адамдын бала чагынан башталып, өмүрүнүн акырына чейин созула берет. А.кыл тарбиясын жүргүзүүдө ата-эненин, мектеп жана жогорку окуу жайлардын ролу чоӊ. Билим берүү акыл тарбиясынын негизин түзүп, эмгектик жана нравалык, эстетикалык жана дене тарбиясы менен тыгыз байланышып, адамдын бардык жактан өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Акыл тарбиясы негизинен, коомдук чөйрөдө жана үй-бүлө шартында ишке ашырылат.