АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА ‒ оптиканын электр-магниттик толкундардын катуу жана суюк заттардагы үн толкундары менен өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү. Көпчүлүк А. о. түзүлүшүнүн иштөөсү ультраүндө жарыктын дифракция кубулушуна негизделген. Дифракцияланган жарыктын кыйшаюу бурчу үндүн толкун узундугуна көз каранды. Кабыл алынуучу үндүн жыштыгын өзгөртүү менен ошол бурчту каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул принциптин негизинде А. о. дефлектор жана сканерде колдонулат. Жарыктын үн менен өз ара аракеттешүүсү когеренттүү жарык нурлануусун башкаруу үчүн оптикада, электроникада, лазер техникасында кеӊири пайдаланылат, о. эле жарык сигналынын амплитудасын, поляризациясын, спектр түзүлүшүн жана жарык нурунун таралуу багытын башкарууга болот. Негизги нур менен дифракция нурунун арасында энергиянын бөлүштүрүлүшү үндүн интенсивдүүлүгүн өзгөртүү менен башкарылат. Бул эффект жарык агымынын интенсивдүүлүгүн башкаруучу акустикалык модулятордо пайдаланылат.