АКУСТИКАЛЫК ИМПУЛЬС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ИМПУЛЬС ‒ таралып жаткан үн толкунунун басымынын кескин өзгөрүшү. Мис., жарылууда, ок атылганда, учкун разрядында, нерселердин кагылышында пайда болгон үн толкундары. А. и-тун ар биринде чоӊ жана кичине басымдын аймактары болот. Анын спектри туташ жана максимум мезгили б-ча анын узактыгына жакын термелүү жыштыгынын аймагына туура келет. Ал чектелген көлөмдө акустикалык изилдөө жүргүзүүдө, гидроакустикада деӊиз чөйрөсүн изилдөөдө жана тереӊдикти өлчөөдө, ультраүн дефектоскопиясында ж. б. колдонулат.