АКЫЛБЕК манасчы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫЛБЕК (болжол менен 1840-ж. ченде туулган ‒ ө. ж. белгисиз.) ‒ манасчы. Манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен Акылбекти жогору баалаган. Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоӊ манасчылардын кимисине жолугуп таалим алып, бирге болгонсуз?» ‒ деген суроого: «Чоӊ манасчылардан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат, кайран киши», ‒ деген экен.