АКМЕИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМЕИЗМ (гр. – жогорку даража) – агым. А. 20-кылымдын башында орус поэзиясында өкүм сүргөн. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү – А. А. Ахматова, Н. С. Гумилев ж. б. Алардын поэзиясын символизмге каршы көз караштар, поэтикалык позициялар бириктирип, көрпенденин көйгөйлүү тиричилигин курч жана кеңири жазууга аракеттенишкен. Предметке конкреттүү, кыска мамиле кылганы менен символисттерден айырмаланышкан. Алар “поэтикалык сөздүн артисттери” (мис., Ф. Анненский) болгон. Кийинчерээк акмеизм совет адабият таануусу тарабынан модернисттик агым катары четке кагылып, чындыкты туура эмес, коомго байланышсыз көрсөтөт деп эсептелинген. 80–90-жылдардан кийин гана алардын чыгармаларына жаңыча көз караш менен карап, акмеисттердин чыгармалары кайрадан миллиондогон нускалар менен чыга баштаган.