АНА-КЫЗЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНА-КЫЗЫЛ Ош обл-нун Өзгөн р-ндагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 17 км түн.-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 61 км. .Деңиз деңг. 845 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1908 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАЛ бар. Кыштактын атынын келип чыгышы кыргыз тилинин лейлек говорунда «анна» – жар жана кызыл; «кызыл жардуу жер» маанисине байланыштырылат.