АКСЕЛЕРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

[АКСЕЛЕРА́ЦИЯ]

АКСЕЛЕРАЦИЯ, а к ц е л е р а ц и я (лат. accelratio ‒ ылдамдоо) ‒ 1) б и о л о г и я д а ‒ түйүлдүктүн айрым бөлүкчөлөрүнүн тез калыптанышы; 2) а н т р о п о л о г и я д а ‒ жаш өспүрүмдөрдүн денесинин физиол. жетилүүсүнүн тездеши; 3) п с и х о л о г и я д а ‒ балдардын акылынын тез өнүгүшү. Адам денесинин өсүшүнүн тездегени 20-к-дын башында эле дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө байкалган. Ага байланыштуу болгон кубулуштардын татаал комплексин 1935-ж. Е. Кох А. деп атаган. А. элдин бардык социал. топторунда байкалып, ар түрдүү анат. жана физиол. белгилерге таандык. Мис., мындан 100 жыл мурдагыга караганда азыр жаӊыдан төрөлгөн баланын боюнун уз. орто эсеп менен алганда 0,5‒1 смге, салмагы ‒ 100‒300 гга чоӊ. 5‒7 жаштагы балдардын денесинин уз. 1880-жылдан 1950-жылга чейинки мезгилдин ар бир 10 жылында орто эсеп менен 1,5 смге, массасы ‒ 500 гга улам өсүп турган. Мектеп жашындагы балдардын денесинин уз. ушул эле мезгилдин ичинде 10‒15 смге өскөн. Балдар чоӊойгон сайын А-нын темпи да күчөйт. Мис., Ленинград обл. 10‒15 жылдын ичинде 16‒18 жаштагы окуучулардын боюнун уз. орто эсеп менен алганда 6‒9 смге, салмагы 4‒8 кгга, көкүрөгүнүн айланасынын уз. 7‒11 смге өскөндүгү байкалган. Жаштардын дене боюнун өсүшү менен катар алардын жыныстык жактан жетилүү мөөнөтү да ылдамдоодо. А-нын себептери ж-дө ар кандай гипотезалар бар: бир катар илимпоздор күн нурунун ургаалдуу таасири, тамактануунун жакшырышы, электр магниттик жана иондоштуруучу нурлануунун таасиринен деп далилдешсе, айрымдары жашоо шарттын жакшырышы, витаминдүү тамак-аштын арбын болушу, радио, телекөрсөтүүлөр, ММК аркылуу көп маалыматтарды билүүсү балдардын ар тараптан тез өсүшүнө шарт түзөт дешет. А социал. жана экон. шарттардын таасири чоӊ.