АКРОЛЕИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРОЛЕИН, п р о п е н а л ь, а к р и л а л ь д е г и д и, СН2=СНСНО ‒ каныкпаган эӊ жөнөкөй альдегид. Ууктургуч жыттуу, түссүз суюктук, эрүү t 86,5‒88°С, кайноо t 52,7°С, суу жана метанол менен азеотроптук аралашманы пайда кылат. Абада оӊой кычкылданат жана каныкпаган углеводороддорго мүнөздүү реакцияларга кирет. Спирттер жана орг. к-талар менен жеӊил кошулат: CH2=CHCHO+ROH→ROCH2CH 2‒CHO. Лабор-да А. глицеринди дегидратациялоо, аллил спиртин кычкылдандыруу менен алынат. Өнөр жайда Ni2SiO3 эритмеси менен иштетилген SiO2нин катышуусунда формальдегид менен ацетальдегидди газ фазасына айландырып, конденсациялоо жана пропиленди висмут-молибден катализаторунун катышуусунда абадагы кычкылтек менен кычкылдандыруудан алынат. Практикада метоинди, глицеринди, акрил к-тасын, пиридинди, b-пиколинди, дары-дармектерди синтездөөдө, акрилнитрил жана метилметакрилат менен бирдикте сополимерлерди алууда колдонулат.