АКРИЛНИТРИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (5), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРИЛНИТРИЛ, в и н и л ц и а н и д, СН2=СН-CN ­ - орг. бирикме, акрил к‑тасынын нитрили, мол. м. 53,06, кескин жыттуу, түссүз, ууландыргыч суюктук, кайноо t 77,3°С. Аба менен А‑дин 3,05 жана 17,0% көлөмдөгү кошулмасы жарылгыч. Суу, бензол, метанол, СС14 менен азеотроптук ко­шулманы, оңой полимерленип полиакрилнит­рилди пайда кылат. Бутадиен, стирол, винилх­лорид ж. б. менен сополимерлешүү реакциясына кирет. Өнөр жайда пропилен менен аммиактын аралашмасын катализатор менен кычкылданды­руудан жана ацетиленге синил к‑тасын таасир кылуудан алынат. Ал полиакрилнитрил була­сын, бутадиеннитрил каучугун, цианэтил ж. б. өндүрүүдө колдонулат. А. денени дүүлүктүрөт, териге оңой сиңет, анын уулантуу таасири циа­ниттерге окшош.