АКМАТОВА Эльмира Казакбаевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМАТОВА Эдьмира Казакбаевна(1970-ж. т., Бишкек) – биология илимд. доктору (2013), КРдин илим жана техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты. КММИни (1995), КМУУну (1995), К. И. Срябин атн. КАЧИни (2009) бүтүргөн. Эмгек жолун В.И. Ленин атн. з-ддо жашылдандыруучу, кадрлар б-ча адис, ар кайсы аптекаларда провизор, аптека башчысы болуп иштеген. Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт ИИИде эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы; А. Дүйшеев атн. Кыргыз ветеринария ИИИде лабор. башчысы, директордун орун басарынын м.а., директору. Эпизоотология, вирусология, биотехнология илимдери б-ча жетектөөчү окумуштуу. Анын негизги ил. иштери малдын өтө коркунучтуу ооруларынын эпизоотол. кырдаалын көзөмөлдөө, аларга каршы күрөшүү б-ча иштелмелерди иштеп чыгуу. КР аймагындагы малдын өтө коркунучтуу жугуштуу ооруларын (канаттуулар тумоосу, кутурма, шарп, бруцеллез) көзөмөлдөө жана аларды алдын алуу үчүн мамл. жана эл аралык долбоорлорду иштеп чыгууда ил. жетекчи. КРдин а. ч. жана билим берүү министрликтеринин жана КУАУнун Ардак грамоталары менен сыйланган. Ил. из. ишмердүүлүгүндө вет. биотехнологияда ийгиликтүү вет. дарыларды даярдагандыгы үчүн КРдин илим жана техника б-ча мамл. сыйлыгына ээ болгон.Анын 130дан ашык ил. эмг., анын ичинде 1 монография, 2 окуу китеби, 15 сунуштама, 6 окуу-методикалык окуу куралы жана ил. макалалардын, 2 патентгин автору, 30 эл аралык сертификаттын ээси. Эмг.: Продовольственная безопасность и питание.–Б., 2014.– 358 с. (в соавт.). Способы культивирования микроорганизмов: учебно-методическое пособие по биотехнологии. – Б., 2015.–15 с. (в соавт.).