АКРОПОЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 23 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. akropolis ‒ бийиктеги шаар) ‒ байыркы гректердин атайын бийик жерге салган, чептей бекем коргонуучу жайы. Аны курчай шаар чиркөөлөрү ж. б. коомдук курулуштар жайланышкан. А. жеринин бийиктиги, дубалынын калыӊдыгы ж-а бекемдиги м-н айырмаланып, согуш мезгилинде шаар калкынын душмандардан коргонуучу, о. эле кудайга сыйынуучу касиеттүү жайы болгон.
Афины ‒ Акрополу

Бүгүнкү күндө Афины, Парфенон, Эрехтейон, Ники-Аптерос сыяктуу ш-лардагы А-дор дүйнө жүзүнө белгилүү.