АКМАТОВ Таштанбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМАТОВ Таштанбек (15. 3. 1938‑ж. т., Ысык­Көл обл., Тоң р‑ну, Көк‑Сай айылы) – мал чар­ба өндүрүшүнүн новатору, эки жолку Соц. Эмг.

АКМАТОВ50.png

Баатыры (1976, 1986), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1982). 1977‑ж. К. И. Скря­бин атн. Кыргыз а. ч. ин‑тун бүткөн. 1955‑жылдан Ысык­-Көл обл‑нун Тоң р‑нундагы 22‑партсъезд атн. колхоздо чабандын жардамчысы, баш чабан болуп иштеп, 1976­-82‑ж. койдон төл жана жүн алууда эң жогорку көрсөт­күчтөргө жетишкен. 1982­ -жылдан ирилештирилген чабандык бригада түзүп, бригадада ар жүз тубар койдон 143төн козу, ар койдон 5,1 кгдан жүн кыркып алган (1983‑85). 1987‑91‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин Президиумунун председатели, 1989-­91‑ж. СССР Жогорку Советинин, 1987‑90‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери жана ме­далдар менен сыйланган. А‑дун коло бюсту Тоң р‑нунун Ак‑Сай айылына тургузулган (1988, ай­келчиси Т. Садыков).