АКМАТОВ Ташполот

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМАТОВ Ташполот (1929, Ош обл., Ноокат р‑ну, Кожоке кыш.– ө. ж. б.)) – малчы, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1981). Кыргыз ССРинин мал чар­басына эмг. сиң. устаты (1978). Эмгек жолун 1943‑ж. Ноокат р‑нундагы «Правда» колхозун­да колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1959­-жылдан Ноокаттагы № 44‑жылкы з‑дунун баш чабаны. 1981‑ж. ар жүз тубар койдон 172ден козу, ар койдон 4,9 кг дан жүн кыркып алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975). Эки Ленин ж. б. ордендер менен сыйлан­ган.