АККОМОДАЦИЯ
АККОМОДАЦИЯ (лат. akcomodatio – ыңгайлануу), м е д и ц и н а д а – көздүн алыс жана жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени караганда көздүн А‑лык булчуңу жыйрылып, ошондон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нурлары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топтолуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө А‑лык булчуңдун жыйрылышы жана чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начарлайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасиринен А‑лык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. А‑нын начарлашын кадимки калыбына келтирүү үчүн, томпок линзалуу көз айнек кийүү сунуш кылынат.