АКБАЕВ Абды

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКБАЕВ Абды (1928‑ж. т., Чүй обл., Кемин р‑ну, Комсомол айылы) – химия илимд. док­тору (1996), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1995), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ойлоп табуу­чусу (1969), КРдин илим жана техника б‑ча мамл. сыйл. лауреаты (1973). Фрунзедеги педин‑тту бүтүргөн (1948). 1954‑жылга чейин мектепте химия мугалими, 1954‑жылдан аспирант, ан­дан кийин ил. кызматкер. 1994‑жылдан КР УИАнын химия жана хим.-технол. ин‑тунун улук ил. кызматкери. 150 ил. эмгектин, анын ичинде 65 ой­лоп табуунун (патенттин) автору. Эмг.: Взаимодействие солей тяжелых металлов с азотосодержащими соединениями и синтез физиологи­чески активных веществ. Ф., 1984.