АКБАЕВ Абды

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:36, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКБАЕВ Абды (1928‑ж. т., Чүй обл., Кемин р‑ну, Комсомол айылы) – химия илимд. док­тору (1996), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1995), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ойлоп табуу­чусу (1969), КРдин илим ж‑а техника б‑ча мамл. сыйл. лауреаты (1973). Фрунзедеги педин‑тту бүтүргөн (1948). 1954‑жылга чейин мектепте химия мугалими, 1954‑жылдан аспирант, ан­дан кийин ил. кызматкер. 1994‑жылдан КР УИАнын химия ж‑а хим.-технол. ин‑тунун улук ил. кызматкери. 150 ил. эмгектин, а. и. 65 ой­лоп табуунун (патенттин) автору. Эмг.: Взаимодействие солей тяжелых металлов с азотосодержащими соединениями и синтез физиологи­чески активных веществ. Ф., 1984.