АЙЫЛ ЧАРБАСЫН АДИСТЕШТИРҮҮ
АЙЫЛ ЧАРБАСЫН АДИСТЕШТИРҮҮ– эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн бир түрү. Ал өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуунун зарыл шарты болуп эсептелип, ил.-тех. прогресске, жердин күрдүүлүгүнө, тармактардын өз ара шайкеш, ийкемдүү болушуна, өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнө жана тигил же бул аймактын табигый‑климаттык шарттарына байланыштуу. Адистештирүүнүн деңгээли жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинде басымдуулугу же негизги товардык продукция, айдоо аянтынын структурасы ж. б. көрсөткүчтөр менен аныкталат. Адистештирүү аймактык, тармактык жана чарбалык болуп бөлүнөт. Аймактык адистештирүү – а. ч‑нда коомдук эмгектин аймактар б‑ча бөлүнүшү же бир аймакта а. ч. продукцияларынын айрым түрлөрүнүн басымдуу өндүрүлүшү жана товардык продукцияда анын басымдуулугу. Тармактык адистештирүү – коомдук эмгектин тармактар б‑ча, ар бир тармак ичинде да бөлүнүшү. Чарбалык адистештирүү – тигил же бул чарба жүргүзүүчү субъектте а. ч. тармактарынын айрым түрүнүн басымдуу өнүгүшү.
А. С. Ажыбеков.