АКАДЕМИЗМ
АКАДЕМИЗМ (фр. akademisme) – 1) көркөм сүрөт искусствосунда – өнүгүү базасы көркөм сүрөт академиялары болгон көркөм багыт. Алгачкы А. маньеризмге каршы туруу менен антикалык жана Кайра жаралуу искусствосунун үлгүлөрүн бекемдеген. Көп жылдар бою негизги эстетикалык идеялы Рафаэль менен Микеланжелонун чыгармачылыгы болгон. Кийин А. салтты сактоого жана бул негизде профессионал мектепти түзүүгө байланышкан көркөм маданияттын маанилүү бөлүгү катары каралган. А. булактары – 1585‑ж. ченде ага‑ини Карраччилер негиздеген Болонья академиясынын ишмердигинде. Живопись жана скульптуранын Королдук академиясынын ачылышы (1648) классицизмдин өнүгүүсүнө байланышкан. 17‑18‑кылымда тарыхый жана мифтик негизги болуп эсептелген жанрлар иерархиясы калыптанган. А. искусствосунун өнүгүүсүн кечеңдетүүчү шарттуу нормаларды пайда кылат. 19‑кылымдын 1-жарымында ага романтизм, кийин реализм каршы болгон; 2) балет тарыхында «А.» жана «академиялык бий» терминдери 19‑кылымдын жарымында Францияда, Италияда жана Россияда хореографиялык искусствого колдонулат. Франциялык хореографтар Ж. Мазилье жана А. Сен‑Леондун балеттеринде А. ири бий формаларынын (гранпа, пад’аксьон, па‑де‑де) жана алардын элементтеринин (вариациялар, адажио, кода) турукташуусу жана алардын ар биринин бир убакта өркүндөшү, жеке бий ансамблге караганда үстөмдүк кылуусу менен мүнөздөлөт. Академизм жетишкендиктеринин туу чокусу музыка, бий, спектаклдин биригиши болду. Классикалык бийдин дүйнөлүк жана орус мектебинин үлгүсүндө кыргыз балети да өнүгүп‑өсүүдө.