АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (7), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАГАШТЫРУУ– өлкөнүн аймактарындагы топурак, климат­тык шарт, айдоо аянтынын структурасы, ры­ноктун алыс‑жакындыгы, экон. жана социал. инфраструктуранын өнүгүшү жана жайгашышы, калктын жыштыгы жана анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу менен а. ч. өндүрүшүнүн геогр. бөлүштүрүлүшү. Мында эм­гектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактар­дын салымы аныкталат жана а. ч. продукция­сынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистеш­тирүүгө шарт түзүлөт. Мис., Нарын обл‑нда не­гизинен мал чарбасы, анын ичинде кой жана жылкы чар­балары жайгаштырылган. Айыл чарбасын ади­cmeшmupyy жана А. ч. ө. ж. эмгектин коомдук бөлүнүшүндө өз ара байланыштуу жана бири би­рин шарттап турат. А.С. Ажыбеков.