АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ – мамл. менчик жерлерден түзүлгөн, а.ч‑на жарактуу жер тилкелери. Фонд­дун жерлери мамлекеттин менчигинде гана бо­лот. Фонддон пайдалануучуларга эреже ката­ры, жер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө гана бе­рилет. Фонддун жерлерин башкаруу жана тескөө мамл. атайын орган менен макулдашуу б‑ча айыл­дык, шаар кеңештердин аткаруу органдары та­рабынан жүргүзүлөт. Фонддун жерлери сатыл­байт, жер тилкелеринен КРдин жарандарынын менчигине берүү өзгөчө учурларда гана жерг. ке­ңештердин сунушу б‑ча Өкмөт бекиткен чечим­дин негизинде жүзөгө ашырылат.
Б. Рысмендеев.