АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИ – КРдин жер фонду­суна кирүүчү, а. ч. муктаждыктары ж. б. мак­саттар үчүн бөлүнгөн жер участкалары. А. ч. ж‑нин укуктук абалы КРдин Конституциясы, Жер кодекси ж. б. нормативдик укуктук акты­лар менен жөнгө салынат. Бул багыттагы жерлер азык‑түлүк өндүрүү үчүн пайдаланылуучу айдоо аянттары, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлер, шалбаалар, чабындылар, жайыттар жана өндүрүштү уюштурууга, жүргүзүүгө зарыл түрдүү курулуштарды, коомдук, турак жай има­раттарын курууга керектелүүчү аянттар болуп бөлүнөт. Мындай жерлер мамл. жана КРдин жа­рандарынын менчигинде боло алат. Чет өлкөлүк юрид. жактар жана жарандар, о. эле жаранды­гы жоктор жерди мөөнөттүү пайдалануу укугу­на ээ. Жайыттар мамлекеттин менчигинде гана болгондуктан, жер пайдалануучуларга мөө­нөттүү пайдаланууга берилет. А. ч. багытында­гы жерлер башка максаттар үчүн пайдаланыл­байт. КРдин мыйзамдарында каралгандан сырт­кары айдоо аянттардын, жүзүмзар, мөмө бак­тар ж. б. жерлердин аянтын азайтууга жол бе­рилбейт. А. ч. ж‑н айыл жергесинде эки жыл­дан кем жашабаган жана он сегиз жашка чык­кан КРдин жарандары гана сатып алууга акы­сы бар. А. ч. багытындагы жерлерди банктар жана атайын финансы‑кредиттик мекемелер гана күрөөгө (залог) алат. Жер ээлери жана пайдала­нуучулар жерг. шарттарды эске алуу менен илим­дин, алдыңкы тажрыйбанын жетишкендикте­ринин негизинде жерди туура, сарамжал пай­далануу, кыртыштын асылдуулугун жогорула­тууга жана эрозия болушуна, шорго же сазга ай­ланып кетишине, кум басышына, отоо чөптөр менен зыянкечтерге каршы күрөшүүгө милдеттүү.

                                                                                                 Б. Рысмендеев.