АЙЛАНУУ КЫЙМЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНУУ КЫЙМЫЛЫ – нерсенин кыймылсыз окту же чекитти айланып кыймылдоосу. Жаратылышта жана техникада өтө көп кездешет. Мис., планеталардын өз огунда айлануусу, ста­ноктун, механизмдин, агрегаттын бөлүктөрүнүн А. к. Катуу нерселердин А. к. эки түрдүү болот: кыймылсыз окту айланганда катуу нерсенин чекиттери, борбордун кыймылсыз бир түз сызыкта жаткан радиустары ар түрдүү чоңдуктагы айланалар б‑ча кыймылдайт. Ал эми кыймылсыз түз сызык болсо айлануу огу деп аталат. А. к‑нын негизги кинематикалык мүнөздөмө­лөрү болуп бурчтук ылдамдык жана бурчтук ылдамдануу эсептелет. Катуу нерсенин кан­дайдыр бир чекитинин сызыктуу ылдамдыгы 3 айлануу огунан бул чекитке чейинки аралыкка түз пропорциялаш: S=Ra>, R –айлануу огунан нерсенин берилген чекитине чейинки аралык, со – бурчтук ылдамдык. Ар кандай убакытка туура келген А. к‑нда нерсенин чекиттеринин бурулуу бурчтарынын чоңдуктары бирдей; кыймылсыз чекитти айланганда катуу нерсенин чекиттери борбордо ошол кыймылсыз че­кит болгон сфералык бет б‑ча кыймылдашат. Нерсенин ар кандай чекитинин ылдамдыгы S=Ra>, мында R – радиус‑вектор. А. к‑нын дина­микасынын негизги формуласы: Mсырт=ᐃL/ᐃt,мында ᐃDL – нерсенин импульс моментинин ᐃt убакытта кыймылсыз чекитке карата өзгө­рүшү, Мсырт – ошол чекитке карата нерсеге аракет эткен бардык күчтөрдүн моменттеринин сум­масы.