АЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙНИ (өз аты‑жөнү Садриддин Саид‑Муродзо­да) [15 (27). 4. 1878, Сактари кыш., Гиждуванга жакын – 15. 7. 1954, Дүйшөмбү] – тажик адабиятынын негиз салуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Тажик ССР ИАнын биринчи президенти (1951), Тажик ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1940), Өзбек ССР ИАнын академиги. Бухарадагы мед­реседе окуган. Тажик, өзбек тилдеринде жазган. Анын «Одина» повестинде (1924), «Дохунда» (1930), «Кулдар» (1934) романдарында тажик

АЙНИ60.png

элинин жүз жыл ичиндеги турмушу, басып өткөн тарыхый жолу сүрөттөлгөн. Ал «Сүткордун өлүмү» (1939, 1952) повестинде ач­көз сарандын образын берген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде курч публицистикалык макалалар менен тарыхый­ көркөм очерктерди (мис., «Мукананын көтөрүлүшү») жазган. 1948‑жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Эскермелер» аттуу көркөм автобиографиялык китебинин үстүндө иштеген (орусчасы «Бухара», 1‑4‑китеп, 1949‑54; СССР мамлекеттик сыйл., 1950). Азия элдеринин тарыхы жана филологиясы б‑ча изилдөөлөрдүн, «Мангыт династиясынын эмир­леринин тарыхы» (1923), «Тажик адабиятынын үлгүлөрү» (1926) антологиясынын, Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саади, Навои, Васифи, Бедил ж. б. жөнүндө очерктердин жана монографиялардын автору. Айнинин чыгармалары дүйнө элдеринин тилине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР Жогорку Советинин 3‑4‑шайланышынын депутаты, үч Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Ад.; Брагинский И. С. С. Айни. М., 1978.