АБДИЕВА Адиля Ильясбековна
Jump to navigation
Jump to search
АБДИЕВА Адиля Ильясбековна(1976-ж. т., Ысык-Көл обл., Каракол ш.) – экономика илимд. доктору (2011). 1998-ж. КМ УСТАнын “Эл аралык экон. мамилелер” факультетин бүтүргөн. 1998-жылдан КР УИАнын Экон. изилдөө борборунда ил. кызматкер, Ж. Баласагун атн. КУУнун” Менежмент жана бизнес борборунда” доцент, КР АУПта “Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер” кафедрасынын башчысы, Ж. Баласагун атн. КУУнун экономика факультетинде декандын орун басары болуп иштеген. 45 ил. эмгек, 1 монография, 1 окуу куралынын автору.