АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЙ АВТОМАТТЫК СТАНЦИЯСЫ -Айды изилдөөгө арналган космостук аппарат. Аны м‑н Айдын кыртышы, андагы физ. шарттар изилденет ж‑а ар түрдүү ил. аппараттар, Айдын сүрөтүн ж‑а байкоонун натыйжаларын Жерге берип туруучу радиотелеметрдик, телекөрсөтүүчү системалар м‑н жабдылган. Станциянын түзүлүшү, анда орнотулган аппаратуралар Айда иштөөнүн өзгөчө шарттарына ылайыкталат. «Луна‑9» планета аралык автоматтык станциясы дүйнөдө биринчи болуп 1966‑ж. 3-февралда Айга кондурулган. Кийин «Луна‑13» (21. 12. 1966), «Луна‑16» (12. 9. 1970), «Луна‑17» (17.11.1970), «Луноход‑1» ж‑а амер. «Сервейер‑1», «Сервейер‑7» планета аралык автоматтык станциялары ийгиликтүү учурулган.