АЛЬП РЕЛЬЕФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:08, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬП РЕЛЬЕФИ – рельефтин азыркы кар чегинен бийик жаткан мөңгүлүү бийик тоолорго, о. эле плейстоценде муз каптаган тоолорго мүнөздүү тиби. Мындай тоолорго аскалар, арсак-терсек чокулар, кырдуу жондор, жемирилген төрлөр, тепши сымал өрөөндөр, тик капталдар ж. б. мүнөздүү. А. р. Альп, Кавказ, Памир, Теңир-Тоо, Гималай ж. б. тоолордо көп аянтты ээлейт. Кар чеги төмөн жаткан уюл аймактарындагы орто бийик ж-a жапыз тоолорго да мүнөздүү, к. Рельеф.