АЛЬП БҮКТӨЛҮҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬП БҮКТӨЛҮҮСҮ – кайнозой заманындагы ири бүктөлүүлөр. Мезозой менен алгачкы палеоген мезгилиндеги геосинклиналдардын чегинде болуп, жаш тоолордун жаралышы менен аяктаган. Мис., Альп тоолору (термин анын атынан

аталган), Пиреней, Андалузия, Апеннин, Карпат, Динар, Крым, Кавказ кырка тоолору, Африканын түндүгүндөгү Атлас, Азиядагы Понт,Тавр, Түркмөн - Хорасан, Загрос, Сулайман, Гималай тоолору, Бирма, Индонезия тоо тизмектери, Камчатка ж. а-ы, Япон, Филиппин а-дары,Аляска менен Калифорниянын Тынч океан тарабындагы кырка тоолору, Түш. Америкадагы Анд
тоолору, Австралиянын чыгыш жагын курчап жаткан архипелагдар (Жаңы Гвинея, Жаңы Зеландия а-дары менен бирге) ж. б. кирет. Аталган жерлердин айрым бөлүктөрүндө мезозой заманында да бүктөлүү кыймылдары болуп өткөн (к. Мезозой буктөлүусу). Европа менен Азияда жайгашкан бүктөлүү системалары А. Д. Архангельский менен Н. С. Шатский тарабынан (1933) өзүнчө альп бүктөлүү аймагы деп
бөлүнгөн. А. б. жеке эле геосинклиналь аймактарын бийик көтөрбөстөн, платформалуу жерлерди да тоолуу өлкөгө айландырган. Буларга Европадагы Юра тоолорун, Пиреней ж. а-нын бир топ бөлүгүн, Түн. Африкадагы Атлас тоолорунун түш. тарабын, Орто жана Борб. Азиядагы Теңир-Тоо, Ысар тоолорун, Памир тоосунун түн. бөлүгүн, Түн. Америкадагы Аскалуу тоонун чыгыш тарабын, Түш. Америкадагы Анд
тоолору менен Антарктидадагы Антарктида ж. а-н
кошууга болот. Орто жана Борб. Азиядагы тоо
аралык ири ойдуңдардын (Фергана, Цайдам
ж. б.) пайда болушу да А. б-нө байланыштуу.
А. б. болгон жерлерде күчтүү тектон. кыймылдар (жер титирөөлөр, жанар тоолордун атылышы) азыр да жүрүп турат.