АЗОБИРИКМЕЛЕР
Jump to navigation
Jump to search
АЗОБИРИКМЕЛЕР – молекуласында "азо"- N=N- тобу ар түрдүү же окшош радикал менен байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы формуласы: RN=NR’. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси алифаттык же гетероциклдүү болот. Экөө тең ароматтык радикалдардан турган А. кеңири таралган. Алар диазобирикмелерге ароматтык амин же оксибирикмелерди кошуудан, негиздик чөйрөдө нитробирикмелерди металлдар, о. эле биринчилик аминдерди гипохлорит же перманганат менен калыбына келтирүүдөн алынат. Ароматтык А. түстүү, катуу заттар. Алардын түсү изотобунун хромофордук касиетине, радикалдардын түрүнө жана орун алмашуу мүнөзүнө, алардын санына байланыштуу. Булар маанилүү азо боёкторду синтездөөдө колдонулат.