АЖЫРАТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫРАТКЫЧ электрдик – обочолоткучка (изоляторго) бекитилип, кыймылдуу жана кый­мылсыз тиймектерден турган электр тех. тү­зүлмө. Анын негизги кызматы электр тизме­гинин кээ бир бөлүктөрүн агын (ток) жок кез­де ажыратуу жана алмаштырып бириктирүү. А. электр тизмегинде көрүнүүчү ажырымды түзөт жана жогорку чыңалуудагы бөлүштүрүүчү түзүл­мөлөрдүн өчүрүлгөн бөлүгүндө негизинен уту­румдук жана оңдоо ишин жүргүзүүдө коопсуз­дукту камсыз кылат. А‑тын чабылуучу (6­10 кВтук чыңалууда, бычагы кыймылдуу тий­мектик тегиздикте чабылат), айлануучу (35 кВтон 500 кВко чейинки чыңалууда, бычагы жерге жарыш тегиздикте айланат), п а н ­т о г р а ф т ы к (чыңалуусу 500‑750 кВтук, бычагы пантограф түрүндө жыйналып‑жазыла турган), а с ы л м а ж. б. түрлөрү болот.