АДОНИС
Jump to navigation
Jump to search
АДОНИС – туурасы 1 кмдей кичине планета. 1936‑ж. бельгия астроному Э. Дельпорт ачкан. Күндүн айланасында абдан созулган эллипс орбитасы б‑ча айланат. Күндөн аралыгы п е р и г е л и й д е 0,44 а. б., а п о г е й д е 3,50 а. б. Анын орбитасы Жердин Күндү айлануу орбитасына жакын жайгашкан. Айлануу мезгили 2,76 жыл. Жерге 2 млн кмге чейин жакындайт.