АЙНИ
АЙНИ (өз аты‑жөнү Садриддин Саид‑Муродзода) [15 (27). 4. 1878, Сактари кыш., Гиждуванга жакын – 15. 7. 1954, Дүйшөмбү] – тажик адабиятынын негиз салуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Тажик ССР ИАнын биринчи президенти (1951), Тажик ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1940), Өзбек ССР ИАнын академиги. Бухарадагы медреседе окуган. Тажик, өзбек тилдеринде жазган. Анын «Одина» повестинде (1924), «Дохунда» (1930), «Кулдар» (1934) романдарында тажик
элинин жүз жыл ичиндеги турмушу, басып өткөн тарыхый жолу сүрөттөлгөн. Ал «Сүткордун өлүмү» (1939, 1952) повестинде ачкөз сарандын образын берген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде курч публицистикалык макалалар м‑н тарыхый көркөм очерктерди (мис., «Мукананын көтөрүлүшү») жазган. 1948‑жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Эскермелер» аттуу көркөм автобиографиялык китебинин үстүндө иштеген (орусчасы «Бухара», 1‑4‑китеп, 1949‑54; СССР мамлекеттик сыйл., 1950). Азия элдеринин тарыхы ж‑а филологиясы б‑ча изилдөөлөрдүн, «Мангыт династиясынын эмирлеринин тарыхы» (1923), «Тажик адабиятынын үлгүлөрү» (1926) антологиясынын, Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саади, Навои, Васифи, Бедил ж. б. жөнүндө очерктердин ж‑а монографиялардын автору. Айнинин чыгармалары дүйнө элдеринин тилине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР Жогорку Советинин 3‑4‑шайланышынын депутаты, үч Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени м‑н сыйланган.
Ад.; Брагинский И. С. С. Айни. М., 1978.