АЙБАШЕВ Абугазир

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙБАШЕВ Абугазир (1907 ‑ 1965) – кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Фрунзедеги театр‑студия­сын бүткөндөн (1962) Кыргыз мамлекеттик драма те­атрында актёр. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1‑декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөдөн (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылкерим (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почтoчу (Ч. Айтматов, «Бетме‑бет») ж. б. Кыргыз ССРинин Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.