АМУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМУР (тунгус-манжур тилдеринде амар – дарыя чаты; монголчо Хара-Мурэн – «кара дарыя»; кытайча Хэйлунцзян – «кара ажыдаар дарыясы») – Чыгыш Азиядагы дарыя.Шилка ж-а Аргунь д-нын кошулушунан пайда болот. Охот деңизинин Амур лиманына куят. Уз. 2824 км ргундун башатынан 4444 км 0,
алабынын аянты 1856 миң км2, анын көбү Россияда. Жогор жагы негизинен кууш, Зея д-нын
чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат.Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү
кууштап, төмөнкү агымында кайтадан кеңеет;мында А. салааларга бөлүнүп агат. Негизги
куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари,Уссури (оң). Орт. чыгымы 10800 м3/сек, эң көп чыгымы Хабаровск ш. тушта 40 000 м3/сек (жайында кирет), эң аз чыгымы 345 м3/сек. Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир кылбайт (кышкысын кар аз болгондуктан). Жазында ташкындайт. А-дан 1 суткада 41 миң т агынды агып өтөт. Жогорку агымы ноябрдын башталышынан майдын башталышына чейин, төмөн жатып ноябрдын аягынан апрелдин аягына чейин тоңот. Балык (кета, горбуша, калуга ж. б.) кармалат, А. – Ы. Чыгыштын маанилүү суу жолу (бардык жеринде кеме жүрөт). Боюнда Благовещенск, Хабаровск, Амурск, Комсомольск-на-Амуре, Николаевск-на-Амуре (Россия), Айхой (Хэйхэ; Кытай) ш. жайгашкан.