«АШЫГ‒ГАРИБ» дастаны

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:12, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page «АШЫГ‒ГАРИБ» to «АШЫГ‒ГАРИБ» дастаны) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АШЫГ-ГАРИБ» ‒ Кавказ ж-а Жакынкы Чыгыш элдерине тараган дастан. Азербайжандарда «Ашыг-Гарибдин» 9 варианты бар. Анын төртөө басмадан чыккан. Дастан 16-кылымдагы акын Гарибдин гошма ырынын негизинде жаралган деген божомол бар. Анда Гарибдин бай үй-бүлөдөн чыккан Шахсенемге ашыктыгы баяндалат. Шахсенем Гарибди жети жыл күтүп, жети жылда келбесе, башкага чыгарын билдирип, экөө ажырашат. Гарибди күтө берип энеси эки көзүнөн ажырайт. Гарибди көрө албагандар аны өлдү деп угузуп, Шахсенемди Шахвелде деген жигитке алып бермей болуп той жасашат. Ошол учурда Гариб ырчынын кейпин кийип, сыйкырдуу ат м-н келет да, Шахсенемге өзүн билдирип, душмандарын жеӊип, экөө баш кошушат. Сыйкырдуу дарынын күчү м-н энесинин көзүн айыктырат. «Ашыг-Гарибдин» сюжети боюнча М. Ю. Лермонтов жомок, У. Гажибеков ж-а Р. М. Глиэр операларды жазган.