АК-БУУРА ЗАКАЗНИГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БУУРА ЗАКАЗНИГИ – Ош обл‑нун Кара­-Суу р‑нундагы аңчылык б‑ча корук аймак. Ак-­Буура суусунун жайылмасын ээлейт. Ош ш‑нан жана Папан суу сактагычынан түш. тарапта жайгашкан. За­казник 1975‑ж. кыргоол, чил жана кекилик уя­лоочу аймакты коргоо максатында уюшулган. Аянты 10 миң га. Ош ш‑нын жанындагы Ак-­Бууранын жайылмасынан 2 га жер Ош обл‑тук аңчылык инспекциясына берилип, балык өс­түрүүчү көлмөлөр курулган.