АЙМАК
Jump to navigation
Jump to search
АЙМАК – жер бетинин өзүнө мүнөздүү табигый,о. эле адамдын таасиринен пайда болгон касиеттери жана ресурстары бар белгилүү бир бөлүгү. Айрым чет өлкөлөрдүн адм.-айм. бирдиги (мис., Монголияда, Тувада, Бурятияда, Дагстанда). Башка тилдерде А. – уруу, урук‑тукум, эл‑журт (фарсы, эвенк, якут), кыштак, маала, коом (азербайжан), айылдын чети (татар, мари), көп (башкырт) деген маанилерди берет.