АЙДАРБЕК ЧОКУСУ
Jump to navigation
Jump to search
АЙДАРБЕК ЧОКУСУ – Алай кырка тоосундагы Текелик тоосунун эң бийик жери. Көк-Суу жана Текелик (Кызыл‑Суунун оң куймалары) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 5125 м. Чоку девон менен карбондун калың катмарлуу доломит, кумдук, мрамор тектеринен туруп, конус сымал түзүлүштө. Түндүк тарабы тик, жалама беттүү. Альпинизмге ыңгайлуу.