АЗЫКОВА Эмилия Кулиевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗЫКОВА Эмилия Кулиевна (29. 10. 1935, Фрунзе ш.– 29. 12. 2003, Бишкек) – география илимд. доктору (1994). 1958‑ж. М. В. Ломоносов атн. Москва мамл. ун‑тинин география ф‑тин бүтүргөндөн кийин, Кыргыз ССР ИАнын Тянь‑Шань (учурда Теңир-Тоо) бийик тоолуу физ. география стан­циясында лаборант, жетектөөчү ил. кызмат­кер болуп иштеген. 1989‑жылдан Кыргыз ССР ИАнын Геология ин‑тунда лаборатория башчы­сы. Палеогеография, физ. география, ландшафт таануу б‑ча 90дон ашык ил. эмгектин, анын ичинде 5 монографиянын авторлошу. Анын эмгектери Москва, Санкт‑Петербург ж. б. шаарлардан жарык көргөн. «Кыргызстандын аймагынын ландшафты» жана «Жаратылышты коргоо» карта­ларынын автору.
Эмг.: Особенности формирования современных споровопыльцевых спектров Иссык‑Кульской котловины. В кн. Физическая география Прииссыккулья. Ф., 1970 (соав.); Озеро Иссык‑Куль (очерки по физической географии). Ф., 1978 (соав.); Атлас Кыргызской ССР. Т. 1., Раздел «Ландшафты». М., 1987; ККИПР (космос). Ландшафтная карта. Масштаб; 1:500 000. М., 1989. С. М. Ахмедов.