«АМИРАНИАНИ» эпосу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АМИРАНИАНИ» («Күн баласы») – байыркы грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы Амирани чагылгандуу булут кудайынын кызын уурдап кетип, адамдарды мифтик дөөлөрдүн туткунунан бошотуп, аларга от жакканды, темирден курал, буюм жасаганды үйрөткөн, кудайлар менен жекеме-жеке күрөшкө чыккан. Ошондуктан Кудай аны катуу жазалап, Кавказ тоолорунун аскасына матап салат. Бул уламыш Грузияда, биздин заманга чейин 5-4-кылымдарда эле болгондугун байыркы грек жазуучуларынын чыгармалары далилдейт. Амираниани жөнүндөгү уламыш кийин Байыркы Грецияга тарап, Прометей тууралуу мифке кошулуп кеткен. Азыркы күндө эпостун 120га жакын варианты бар.