АК-МОЛО ОБЛУСУ
АК-МОЛО ОБЛУСУ Ц е л и н о г р а д о б л у с у (1961–92‑ж.) Казакстан Респ‑нын түндүгүндө.1939-ж.уюшулган. Аянты 146,2 миң км2. Калкы 736,6 миң (2015). Облуста 14 адм. район, 8 шаар, 12 шаарча бар. Борбору – Астана (Кокшетау) ш. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Казак Сары‑Аркасынын (бийикт. 899 мге чейин) түн.- батышы ээлейт. Экономикасынын негизин дан чарбасы (негизинен буудай) жана эт‑сүт багытындагы мал чарбасы түзөт. А. ч‑нын маанилүү тармагы – кайрак дан эгин эгүү дыйканчылыгы. Кой, эчки, уй, жылкы асыралат. Балык кармалат. Энергетикасы Караганды жана Экибастуз көмүр бассейндерине негизделип, 2 ЖЭС (жылуулук электр станциясы) иштейт. Кара металлургия, тоо‑кен, хим., машина куруу, тамак‑аш, жеңил, курулуш материалдары, фарфор‑фаянс, карапа өнөр жай тармактары бар. Негизги өнөр жай борборлору: Астана, Макинск, Атбасар, Алексеевка.