АВТОРДУК МЕКТЕП
АВТОРДУК МЕКТЕП ‒ 20-кылымдын аягында Россияда инновациялык билим берүү практикасынын формасы; айрым бир автор же автордук коллектив тарабынан иштелип чыккан чыгармачылык психологиялык-педагогикалык жана (же) уюштуруу-башкаруу концепциялардын негизинде ишмердиги калыптанган эксперименттик билим берүү мекемеси. Термин 1980-жылдын аягынан колдонулууда. Мындай мектептин концепциясы жана иши кадимки мектептердин салт болуп калган практикасынан кескин айырмаланат. Мектеп окумуштуулары, о. эле педагогдор тарабынан түзүлөт да, эреже катары, алардын аты менен аталат (мис., «А. С. Макаренконун мектеби», «В. А. Сухомлинскийдин мектеби» ж. б.). Мындай мектеп коллективи таалим-тарбия ишиндеги олуттуу проблемаларды өздөрү тандап, артыкчылык берген технологиялык табылгаларга таянып чечүүгө умтулушат. Ал эми алардын ишинин үзүрлүүлүгү, ишенимдүүлүгү окуучулардын бир муунун даярдап чыгарганда гана айкын болот. Албетте, мектептин тажрыйбаларын башка мектептерде өрнөк тутуп, тикеден-тике колдонуу айтарлык натыйжа бербейт. Бирок, ал тажрыйбалардан келип чыккан рационалдуу ой-тыянактар, методикалык табылгалар башка мектептердин ишмердүүлүгүн байыта алат. Бишкектеги ¹ 6 гимназия, С. Арыстанованын автордук мектеби, Кыргызстандагы алгачкылардан болуп саналат.